play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today18.09.2026 67 47

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Улуттук тарых музейинде маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков менен АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын делегациясы жолугушту.Министрликтен билдиришкендей, генерал Т. Гибсон баштаган делегация менен болгон сүйлөшүүдө жаштар саясаты, маданият, спорт жана кино тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы тажрыйба алмашууну күчөтүүнү макулдашышты. Мындан тышкары, жакынкы аралыкта Кыргызстанда Монтана штатынын, ал эми АКШда Кыргызстандын Маданият жана кино күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

 

 

Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки билим берүү материалдарына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы көрсөтүлдү.Министрликтен билдиришкендей, Ислам өнүктүрүү банкы, Глобалдык өнөктөштүк жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашып жаткан долбоордун алкагында бала бакчалардагы окуу куралдары изилденди. Анын жыйынтыгында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер үчүн 300 инновациялык материалды иштеп чыгуу боюнча сунуштар даярдалды. Жаңы куралдар кагаз түрүндө гана эмес, санариптик, аудио жана видео форматтарда чыгарылып, балдардын практикалык көндүмдөрүн эрте курактан өнүктүрүүгө багытталат.

 

 

Бишкектин Осмонкул көчөсүндөгү тышкы жарыктандыруу системасы толугу менен жаңыланды.Мэриядан билдиришкендей, Осмонкул көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө реконструкциялоо иштери аяктады. Долбоордун алкагында 35 даана жаңы темир мамы жана кубаттуулугу 150 Ватт болгон 40 даана энергияны үнөмдөөчү заманбап чырак орнотулду. Жаңы орнотулган мамылар дат басууга туруктуу келип, узак мөөнөткө чейин кызмат кылат.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%