play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Кыргызстанда медициналык кызматтарды санариптештирүү жана кагаз маалымкаттардан баш тартуу иштери жигердүү жүрүүдө.Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, министрдин орун басары Нурбек Букуев Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда санариптештирүү долбоорлорунун ишке ашырылышын жеринен текшерди. Учурда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн маалымкат , аскердик-медициналык комиссиянын документтери, бала бакча менен мектепке керектүү кагаздар жана санитардык китепчелер электрондук форматка өткөрүлүүдө. «Sanarip Clinic» жана «Түндүк» тутумдары аркылуу жарандар бул кызматтарды кезекке турбай, онлайн ала алышат.
Окумуштуулар Айда 2024-жылы астероиддин же комета сыныгынын кагылышуусунан пайда болгон алпкратерди табышты.«Интерфакс» агенттиги билдиргендей, диаметри 222 метрди, ал эми тереңдиги 43 метрди түзгөн бул кратерди NASA’нын орбиталык аппараты каттаган. Кагылышуу 2024-жылдын апрель-май айларында болгону менен, анын алгачкы сүрөттөрү 2026-жылдын август айында гана жарыкка чыккан. Жаңы кратерге белгилүү окумуштуу Томас МакГатчиндин ысымы ыйгарылды. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Айда мындай чоңдуктагы кагылышуулар орто эсеп менен 130 жылда бир гана жолу кайталанат.
Валюталардын расмий курсу
18.09.2026
1USD 87,45
1EUR 100,335
1RUB 1,03
1KZT 0,19
1CNY 13,03
Автор: Kanat Kadyrjan