play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
24-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, “Түндүк” суу топтомосунда жана шаардык түтүктөрдө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу, суу саат 09:00дөн 17:00гө чейин берилбейт. Суу чектөөлөрү Күрөңкеев, Абдрахманов, Бельская, Айдарбеков, Саадаев, Жибек-Жолу проспектисине, БЧК жана Ала-Арча дарыясынын тегерегиндеги аймактарга тиешелүү болот. Ошондой эле Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик, Салам-Алик, Ак-Босого конуштарында, Маевка жана Ала-Арча айылдарында суу убактылуу токтотулат.
Кыргыз улуттук «Манас» театрында дастанчылардын республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, баш байгени Аккыз Абасбекова багындырды.Маданият министрлигинен билдиришкендей, эки тур менен өткөн сынактын жалпы байге фонду 600 миң сомду түздү. Баш байгени (Гран-при) утуп алган Аккыз Абасбековага 120 миң сом тапшырылса, 1-орунду Иманбек Жээнбеков (100 миң сом), 2-орунду Улукбек Токтоболот уулу (70 миң сом) ээледи. Ал эми 3-орунду Перизат Кемелова менен Бермет Калиева бөлүшүп, 40 миң сомдон алышты. Калыстар тобу катышуучулардын аткаруучулук чеберчилигине, чыгармалардын нукуралыгын сактаганына жана улуттук аспаптарда ойноо өзгөчөлүгүнө баа беришти.
«Бишкек Аренанын» расмий ачылышы 5-октябрда болот жана стадиондо чоң шоу-концерт өтөт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдирди.Анын маалыматы боюнча, иш-чара болжол менен 60 миң көрүүчүгө эсептелген. Кирүү акысыз болот, бирок баруу үчүн билет алуу зарыл.
Биринчи этапта 10 миң билет берүү пландалууда.
Автор: Kanat Kadyrjan