play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today21.09.2026 88

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Инсульттун алгачкы белгилери байкалганда бейтапты 4,5 сааттын ичинде ооруканага жеткирүү зарыл.Невролог Халида Мусаеванын айтымында, бул убакыт аралыгында берилген жардам адамды майып болуп калуудан сактап калат. Инсультту тилдин күрмөлүшү, беттин кыйшайышы, көрүүнүн начарлашы жана кол-буттун алсырашы аркылуу билсе болот. Мындай белгилерди балдарга да үйрөтүү керек, анткени алар үйдө карылар менен жалгыз калганда дароо Тез жардам кызматына чала алышат. Бутту бир аз сүйрөп басуу же тамак жутуунун кыйындашы да оор инсульттун алгачкы белгиси болушу мүмкүн.

 

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры өзүнүн 92-театралдык сезонун расмий түрдө ачты. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу ачылышка министрдин орун басары Айбек Дайырбеков катышты. Жаңы сезон Рэй жана Майкл Кунинин пьесасынын негизинде сахналаштырылган «Жаман балдар» комедиялык спектаклинин бет ачары менен ачылды. Жаңы коюлган бул спектаклдин режиссёру Александр Панин.

 

Валюталардын расмий курсу
21.09.2026
1USD 87,45
1EUR 100,41
1RUB 1,03
1KZT 0,19
1CNY 13,05

Автор: Kanat Kadyrjan


0%