play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында жаңы баш кошкон жубайлар жана Түркиядан келген коноктордун катышуусунда дарак отургузуу акциясы өттү.Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкек жашыл курулуш» ишканасы жаш жубайларга бир түп дарак белек кылган, ал эми калган беш даракты алар өз каражаттарына сатып алышкан. Иш-чаранын алкагында бульварга жалпысынан алты түп дарак отургузулду. Мындай демилгелер борбор калаадагы жашыл аймактарды көбөйтүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоо маданиятын калыптандырууга багытталган.
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулушу акыркы баскычка жетип, асфальт төшөө иштери 95 пайызга аткарылды.Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жалпы узундугу 141 чакырымды түзгөн бул жолдун курулушу президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен толугу менен бюджеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу баскычта турат. Жакында эле аталган жаңы жолдо чет өлкөлүк жана ата мекендик мото сүйүүчүлөрдүн катышуусунда атайын мотожүрүш болуп өттү.
2025-жылы дүйнөдө болжол менен 7 миң гуманоид робот сатылып, адам сымал роботтордун рыногу өнүгүүнүн жаңы баскычына өттү.АЗЕРТАЖ агенттигинин маалыматына ылайык, Эл аралык робото техника федерациясы алгачкы жолу мындай роботторду өз статистикасына киргизди. Сатылган техниканын басымдуу бөлүгү азырынча окутуу жана илимий изилдөөлөрдө колдонулууда. Ал эми 2026-жылы 90 миңге жакын, 2030-жылга карата 1,2 миллион даана гуманоид робот сатылышы мүмкүн.
Автор: Kanat Kadyrjan