play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Баетов Аяз Батыркулович коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу Ак-Сай өрөөнүнө быйылкы жылдын алгачкы кары жаады.Бул аймак деңиз деңгээлинен 3 миң метрден ашык бийиктикте жайгашкандыктан, мында өлкөнүн башка өрөөндөрүнө салыштырмалуу суук эрте түшөт. Ак-Сай өрөөнү өзүнүн катаал климаты менен белгилүү: кыш мезгилинде бул жакта абанын температурасы кескин төмөндөп, катуу суук болот жана кар калың түшөт.
Норвегияда падыша Харальд каза болгондон кийин, өлкөдө бир убакта эки ханыша пайда болду.Жаңы падыша Хокондун жубайы Метте-Марит ханыша наамын алса, маркум падышанын жубайы Соня да ханыша наамын сактап калды. Бирок эки ханыша тең ден соолугуна байланыштуу расмий иштерди толук аткара албай жатышат: 89 жаштагы Соня жүрөгүнөн бейтапканада жатып чыкса, 53 жаштагы Метте-Марит өпкөсүн алмаштыргандан кийин дарыланууда. Ошондой эле өткөн жумада падышанын 94 жаштагы карындашы, ханбийке Астрид да дүйнөдөн кайтты.
Автор: Kanat Kadyrjan