play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today23.09.2026 65

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Бишкек Арена стадионунун расмий ачылыш аземине билеттерди таратуунун биринчи этабында чыгарылган 10 миң билет бир күндүн ичинде толугу менен түгөндү.Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, билеттер таратыла баштаган учурда ticket.gov.kg сайтына бир убакта болжол менен 100 миң колдонуучу кирүүгө аракет кылган. Мындай чоң жүктөмдөн улам сайтта убактылуу мүчүлүштүктөр орун алды. Уюштуруучулар билеттерди берүү этап-этабы менен улантыларын жана жакынкы арада кезектеги партиясы сайтка чыгарыларын кабарлашты. Эске салсак, стадиондун расмий ачылыш аземи үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында өтөт.

 

 

Кыргызстандын аймагында мал уурулуктун алдын алуу жана мындай кылмыштардын бетин ачууга багытталган «Мал уурулук» аталышындагы ири рейддер өткөрүлдү.Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат менен биргеликте уюштурулду. Операциянын алкагында өлкө боюнча мал базарлар, касапканалар, эт саткан жана сатып алган жайлар кылдат текшерилип, мал ташыган негизги жолдорго атайын блокпосттор коюлду. Ошондой эле ири соода комплекстеринде мал ташыган транспорт каражаттарын текшерүү иштери жүргүзүлдү.

 

 

Бишкек шаарындагы №32 мектептин 250 орундуу жаңы окуу имаратынын курулушу толугу менен аяктады.Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган бул долбоордун курулуш иштери ушул жылдын февраль айында башталган. Жалпы аянты 2 200 чарчы метрди түзгөн, жертөлөсү бар эки кабаттуу жаңы имарат башталгыч класстын окуучулары үчүн ылайыкташтырылды. Мында заманбап окуу бөлмөлөрү, компьютердик класс, ийримдер үчүн бөлмөлөр жана ашкана каралган. Курулуштун сапаты жана ченемдери министрликтин тиешелүү түзүмдөрү тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүп турду.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%