play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкек шаарынын Менделеев көчөсүндөгү жаңыланган жол толугу менен оңдолуп, пайдаланууга берилди.Свердлов районунун акими Медербек Амангелдиевдин билдирүүсүнө ылайык, жолдун оңдолгон бөлүгүнүн узундугу 590 метрди түзөт. Апрель айында башталган оңдоо иштери суу түтүктөрүн алмаштыруудан улам бир айга кечиккен. Түзүлгөн жаңы долбоордун алкагында көчөгө мурда такыр болбогон эки тротуар жана эки ирригациялык система курулуп, жолдун туурасы 7 метрди түздү. Реконструкция иштерине шаардык бюджеттен 30 миллион сом бөлүнүп, жолду кеңейтүү учурунда мыйзамсыз курулган 10 тосмо түрттүрүлгөн.
Бишкекте «Мектеп 21» санариптик технологиялар мектебине кезектеги кабыл алуу башталды.Мектептин директору Азиза Чистякованын билдирүүсүнө ылайык, 18 жаштан жогорку Кыргызстандын бардык жарандары IT багыты боюнча бул жерден акысыз билим ала алышат. Долбоордун негизги максаты — заманбап IT адистерин даярдоо жана өлкөнүн санариптик өнүгүүсүнө салым кошо турган квалификациялуу кадрларды калыптандыруу болуп саналат. Инновациялык мектеп катышуучуларга эң суроо-талапка ээ болгон санариптик көндүмдөрдү акысыз өздөштүрүүгө шарт түзөт.
Ош шаарында заманбап технологиялар менен жабдылган гүл өстүрүүчү жаңы автоматташтырылган күнөскана пайдаланууга берилди.Муниципалитеттен билдиришкендей, объектинин ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана ишкана жетекчилери катышты. Жаңы күнөсканада гүлдөрдү бөлүп сугаруу, жылытуу жана желдетүү системалары толугу менен автоматташтырылган. Мындан тышкары, аймакта жумушчулар үчүн атайын жатакана, ашкана жана бардык зарыл шарттар түзүлдү. Бул долбоор «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын» ишин жеңилдетип, Ош шаарын көрктөндүрүү иштерин жаңы деңгээлге чыгарат.
Автор: Kanat Kadyrjan