play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today24.09.2026 64

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

 

Президент Садыр Жапаров Корея менен АКШга болгон сегиз күндүк иш сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.
Басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, №1 борт жер шарын толук айланып учуп, президент үч континентти басып өтүп, 32 саатын учакта өткөрдү. Иш сапардын алкагында Кореяда жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өттү, ал эми АКШнын Юта штатында тоо туризми боюнча тажрыйба алмашуу болду. Нью-Йоркто мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, америкалык ири бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

 

Билим берүү жана илим министрлиги Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын каза болушуна байланыштуу жагдайларды иликтөө үчүн атайын комиссия түздү.
Министрликтен билдиришкендей, учурда комиссия мүчөлөрү жеринде иш алып барууда. Мектептерде зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында «Э-Күндөлүк» тиркемесине «Коркпо, билдир!» аттуу анонимдүү билдирүү функциясы киргизилди. Мындан тышкары, окуучулардын психикалык саламаттыгын колдоо үчүн мектептерге психолог кызматтары кошулуп, «Ата-энелер мектеби» программасы күчөтүлдү. Ошондой эле балдардын бош убактысын туура уюштуруу максатында 500 мектепте шахмат ийримдери ачылды.

 

 

Бишкек шаарында “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” жана “Мыкты кошумча билим берүү педагогу” республикалык сынактарынын финалдык этабы башталды.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бул жыйынтыктоочу турга өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган эң мыкты педагогдор катышууда. Сынактын алкагында мугалимдер менен тарбиячылар өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин, инновациялык усулдарын жана тажрыйбасын көрсөтүшүп, өз ара күч сынашып жатышат. Финалдын жыйынтыгы менен 2026-жылдын эң мыкты адистери аныкталат.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%