play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкектин чыгыш тарабындагы айрым аймактарда 24-сентябрдан 25-сентябрга чейин жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
«Бишкекгаз» кызматынын билдирүүсүнө караганда, газ берүү төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат. Чектөөлөр, Суворов, Осмонкул, Абдыкадыров көчөлөрү, ошондой эле Аламүдүн дарыясы жана Чоң Чүй каналы (ЧЧК) менен чектешкен аймактарда болот. Ишкана түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди бул күндөрү энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууга чакырат.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасына 22 даана жаңы атайын техниканы расмий түрдө тапшырды.
Мэриядан билдиришкендей, жаңыланган автопарктын курамына 11 МАЗ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, бир «Шумкар», беш «ХОВО», бир «Дамас» жана төрт «Лабо» унаасы кирди. Бул техникалар борбор калааны тазалоону күчөтүүгө жана калдыктарды өз убагында чыгарууга багытталган. Мындан сырткары, 15-октябрга чейин Минск шаарынан дагы үч атайын унаа келери күтүлүүдө. Ушул толуктоолордон кийин «Тазалык» ишканасынын карамагындагы атайын авто транспорттун жалпы саны 400дөн ашат.
Тажикстандын аймагында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзаланын очогу Тажикстандын аймагында, Кыргызстандын Жаңы-Турмуш айылынан 43 чакырым түштүктө, Исфана шаарынан 56 чакырым түштүк-чыгышта жана Баткен шаарынан 117 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Жердин силкиниши Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан Жаңы-Турмуш айылында 2,5 балл күчү менен сезилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлкө аймагында кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
Автор: Kanat Kadyrjan