play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Кыргызстан менен Азербайжан мугалимдерди алмашуу долбоорун баштады.Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, азербайжандык педагог Бишкектеги №103 жана №20 мектептерде азербайжан тилинен сабак берет. Ал эми кыргызстандык мугалим Азербайжанга барып, кыргыз тили жана адабиятынан сабак өтөт. Бул демилге эки өлкөнүн маданий жана билим берүү байланыштарын чыңдоону көздөйт.
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы 9 айылга газ түтүктөрү тартылып, 5 миң кожолук жаратылыш газы менен камсыз болду.Муниципалитеттин маалыматы боюнча, бул жумуш Ош шаарынын мэриясынын каржылоосу менен “Газпром” ишканасы тарабынан аткарылып, жалпысынан 2 чакырымга жакын газ түтүгү төшөлдү. Бул маселе буга чейин шаардын мэри Жанарбек Акаевдин Президенттин тапшырмасы боюнча жергиликтүү калк менен жолугушкан учурунда көтөрүлгөн болчу.
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры өзүнүн 36-театр сезонун салтанаттуу түрдө ачты.Сезондун ачылыш аземинде театрдын директору Замир Бектурович сөз сүйлөп, театр жамаатын жана көрүүчүлөрдү жаңы чыгармачылык сезондун башталышы менен куттуктады.Андан соң Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбековго сөз берилип, театр жамаатына чыгармачылык ийгиликтер, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай каалады.Театрдын 36-сезону А. Жокейдин калемине таандык, режиссёр Данил Турусбеков сахналаштырган «Сексендеги Сейненин 80-дискотекасы» комедиялык спектакли менен ачылды.
Автор: Kanat Kadyrjan