play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today25.09.2026 108

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Кыргызстанда алдыдагы президенттик шайлоодо 18 жашка толгон 137 миң жаран биринчи жолу добуш берет.Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, депутат Мирлан Жээнчороев биринчи жолу шайлоого катышкан жаштарга белек берүүнү сунуштаган. Эгерде ар бир жаш шайлоочуга 1 миң сомдук белек берилсе, ага 137 миллион сом талап кылынары эсептелген. Шайназаров бул демилге коомчулукта ар кандай талкуу жаратышы мүмкүн экенин белгилеп, эгер парламент колдосо, БШК маселени карап чыгууга даяр экенин айтты.

 

 

Кыргызстан боюнча 660 мектепте массалык мушташ же башка өзгөчө кырдаалдар учурунда милицияны тез чакыруучу «дүрбөлөң баскычы» орнотулду.ИИМдин өкүлү Эрнес Дүйшөнбековдун билдирүүсүнө ылайык, бул баскычты өлкөнүн бардык мектептерине киргизүү иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, республикадагы 2700дөн ашык билим берүү мекемесинин ичинен учурда 528 мектепке 749 видеокамера коюлуп, алар ИИМдин Ыкчам башкаруу борборуна түз туташтырылды. Санариптик көзөмөл күнү-түнү жүргүзүлүп, мектеп курагындагы балдардын коопсуздугун камсыздоо ИИМ жана Билим берүү министрлиги тарабынан биргелешип көзөмөлдөнүүдө.

 

 

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларынын айлыгын алардын ишинин сапатына жана жүргүнчүлөрдүн даттанууларына карап төлөө тутуму киргизилүүдө.Мэриянын маалыматы боюнча, жаңы эрежеге ылайык, эгер айдоочунун үстүнөн негиздүү даттануу түшсө, анын эмгек акысы 20 пайызга чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле, жумуш убактысынын белгиленген нормасы аткарылбаган учурда да айлык акы кыскартылат. Бул тутум коомдук транспортто тейлөө сапатын жакшыртууга жана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%