play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
Шамилбек Бекболсун уулу жана Ринат Русланов Диана Дуйшоналиева
Бул жолу Авторадионун студиясында жаңы кыргыз тасмасы — «Жез кемпир» тууралуу кызыктуу маек болду. Биздин коноктор — тасманын режиссёру Шамилбек Бекболсун уулу жана продюсери Ринат Русланов. Маек учурунда тасманын жаралуу тарыхы, сюжеттин өзгөчөлүгү, съёмка учурундагы кызыктуу окуялар жана кыйынчылыктар тууралуу сүйлөштүк. Ошондой эле фильмдеги өзгөчө локациялар, грим, кардагы тартуулар жана көрүүчү экрандан көрбөгөн көптөгөн кызыктуу деталдар тууралуу режиссёр менен продюсердин өз оозунан уктук. «Жез кемпир» — 17-сентябрдан тартып бардык кинотеатрларда. Тасманын сырлары жана тартуу аянтчасындагы кызыктуу окуялар тууралуу толук маекти бул жактан угуңуздар!
Автор: Диана Дуйшоналиева