play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Кыргызстанда мындан ары жаңы басылып чыккан ар бир окуу китебине өзүнчө ID номер жана QR-код киргизилет.“Окуу китеби” мекемесинин директору Төлөгөн Аматовдун билдирүүсүнө караганда, бул санариптик белгилер аркылуу китептин кайсы мектепке жеткенин жана кайсы окуучу колдонгонун толук көзөмөлдөөгө болот. Акыркы эки жылда өлкөдө 10 миллионго жакын окуу куралы басылып чыккан. Бирок мектептерди китеп менен толук камсыздоо үчүн дагы 38 миллион нускадан ашык китеп басып чыгаруу зарылдыгы бар.
Бишкекте курулуп жаткан 15 кабаттуу бизнес-борбордун сапаты начар болуп, курулуш иштери токтотулду.Мамлекеттик курулуш министрлиги билдиргендей, Байтик баатыр көчөсүндөгү имараттын түркүктөрүндө кемчиликтер аныкталган. Буга байланыштуу компанияга 200 миң сом айып салынып, фирма «кара тизмеге» киргизилди. Ошондой эле курулушка жооптуу прораб менен адистин уруксат кагаздары жокко чыгарылып, объектти көзөмөлдөгөн мамлекеттик инспектор жумуштан бошотулду.
Кыргызстандык спортчу Аида Асанбекова Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль утту.Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, «Ак Илбирс» спорт мектебинин тарбиялануучусу 65 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, III орунду камсыз кылды. Бул эл аралык мелдешке дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген күчтүү спортчулар катышкан.
Автор: Kanat Kadyrjan