play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
Кечээ, 27-сентябрда Бишкекке жакын жерде күчү 3 баллга чейин жеткен эки ирет жер титирөө катталды.Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, зилзаланын очогу борбор калаадан 45 чакырым түштүк тарапта жайгашкан. Биринчи жер титирөөнүн күчү 3 баллдын тегерегинде болсо, экинчиси ошол эле аймакта кайталанып, күчү 2,5 баллды түзгөн. Жер титирөөлөр калк жашаган аймактарда сезилген эмес.
Бишкектин төрт районунда жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу жана мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддер жүрүп жатат.
Мэриянын маалыматына ылайык, Биринчи май районунда акыркы жылдары мыйзамсыз тургузулган 171 пайдубал жана бүтпөй калган объект түрттүрүлдү. Ал эми үстүбүздөгү жылы «Теңдик» конушунда мыйзамсыз пайдубал куюунун 3 фактысы аныкталып, материалдар милицияга өткөрүлүп берилди. Ошондой эле Октябрь районунда да тиешелүү документтери жок курулуштар такталып, укук бузууларды аныктоо иштери уланууда.
Ысык-Көл жана Тоң райондорунда мыйзамсыз балык уулоого каршы кезектеги рейддер жүрдү.Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, Чоң-Өрүктү айылынан 800 метр, ал эми Тоң районунан 400 метр мыйзамсыз коюлган торлор табылып алынды. Мындан тышкары, инспекторлор тарабынан көлдүн түбүнөн 20 килограмм таштанды чыгарылды. Бул иш-чаралар көлдүн Экологиялык абалын сактоо жана браконьерликке каршы күрөшүү максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
Автор: Kanat Kadyrjan