play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Президенттин Иш башкармалыгы 5-октябрда өтө турган «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышына жетим балдарга жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 100 VIP-билет бөлүп берди.Бул тууралуу «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун жетекчиси билдирди. Мындан тышкары, стадиондон майыптыгы бар жарандар үчүн атайын 106 жана 108-секторлор, ал эми белгилүү спортчулар үчүн 138, 139 жана 140-секторлор ажыратылды. Бул секторлордогу калган бош орундар стадиондун расмий баракчасы аркылуу калк арасында ойнотулат.
Ысык-Көлдүн балык ресурстарын көбөйтүү максатында көлгө куйган дарыяларга 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилди.Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, бул иш-чара 25-26-сентябрь күндөрү Тоң районундагы балык өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ишке ашырылды. Чабактар Караталаа, Тоң жана Тосор айылдарындагы дарыя нуктарына, ошондой эле дагы бир аймакка 200 миңден бөлүнүп коё берилди. Процесске экологдор, ветеринарлар жана илимий адистер көз салып, бул кадам көлдүн экосистемасын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган.
Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүнүн жолдорун реконструкциялоодо бир катар кемчиликтер аныкталып, учурда алар кайра оңдолууда.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин текшерүүсүндө асфальттын сапатсыз төшөлгөнү, тротуар жана лотоктордогу кемчиликтер ачыкталган. Учурда сапатсыз аткарылган жумуштар демонтаждалып, подряддык уюмдар өз каражатынын эсебинен кемчиликтерди кайра оңдоп жатышат.
Автор: Kanat Kadyrjan