play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
«Газпром Кыргызстан» компаниясы 30-сентябрдан тарта жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүүнү токтотот.
Компания суук түшкөнгө чейин газсыз калбоо үчүн карыздарды 30-сентябрга чейин төлөөгө чакырат. Эгер газ өчүрүлсө, аны кайра коштуруу үчүн карызды толук төлөө керек жана газ 2-3 жумушчу күндүн ичинде кайра жандандырылат. Төлөмдөрдү «Мой газ», «Мой дом» жана банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу же тейлөө кеңселеринен жүргүзсө болот. Ал эми карызды «Мой газ» тиркемеси, gazprom.kg сайты же 4444 номуру аркылуу текшерүүгө мүмкүн.
Бишкек шаарынын Достук айылында республикалык бюджеттин эсебинен 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.
Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын февралында башталган бул үч кабаттуу заманбап мектептин жалпы аянты 6500 чарчы метрди түзөт. Имаратта окуу класстарынан тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган. Учурда курулуш иштери толук бүтүп, ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана мектептин айланасын көрктөндүрүү жумуштары жүрүп жатат.
Кыргызстанда такси жана курьердик кызмат көрсөткөндөр 2026-жылдын жети айында мамлекеттик бюджетке жалпы 462 млн сом төлөштү.Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдиргендей, бул каражаттын 231 млн сому салыкка, ал эми 231 млн сому камсыздандыруу төгүмүнө таандык. Учурда бул тармакта 110 миң адам расмий иштеп жатат. Алар маалыматтык системалар аркылуу тапкан кирешесинен 1% киреше салыгын жана келечектеги пенсиясы үчүн 1% камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт. Бул жөнөкөйлөтүлгөн механизм 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып ишке киргизилген.
Автор: Kanat Kadyrjan