play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Каракол шаарында туристтер үчүн атайын жаңы автобус каттамы ишке кирди.Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, бул каттам чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтерге Караколдун тарыхый, маданий жана туристтик жайларын кыдырууга мүмкүнчүлүк берет. Маршрут боюнча конокторду тейлөө үчүн эки заманбап электробус бөлүндү. Алгач автобустар жумасына эки жолу каттайт, ал эми туристтердин агымы көбөйсө, каттамды күн сайын жүргүзүү жана электробустардын санын арттыруу пландалууда.
30-сентябрдан 2-октябрга чейин Чүй облусунун Ленин айылында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.»Бишкекгаз» кызматынын маалыматы боюнча, бул чектөө жер астындагы орто басымдагы газ түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу. Ишкана абоненттерден убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн күндөрү энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Ысык-Көлдө улуу ойчул Махмуд Кашгаринин көргөзмөсү ачылат.30-сентябрда Көчмөн цивилизация борборунда анын атактуу «Дивану лугат ат-түрк» эмгегине арналган туруктуу экспозиция ачылат. Анда Карахандар дооруна таандык түп нуска буюмдар, дүйнө картасы жана археологиялык табылгалар көрсөтүлөт.
Автор: Kanat Kadyrjan