play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today30.09.2026 75

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

«Кыргызкөмүр» ишканасы быйылкы күз-кыш мезгилине Кара-Кече кенинен 1,5 млн тоннага жакын көмүр даярдоону пландоодо.
Ишкананын жетекчиси Рустамбек Садыралиевдин айтымында, учурда кенде 300 миң тоннадан ашык көмүр жүктөөгө даяр. Ал жарандарды кезек күтүүгө жол бербөө үчүн суук түшкөнгө чейин көмүр камдап алууга чакырды. Учурда Бишкектеги базаларда көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылууда, ал эми аймактардагы баасы аралыкка жараша Монополияга каршы кызмат тарабынан көзөмөлдөнөт.

 

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта «АгроТехЭкспо – 2026» жана «Алтын күз» көргөзмө-жарманкеси өтөт.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, анда айыл чарба продукциялары социалдык баада сатылат. Ошондой эле аянтка асыл тукум малдар, айыл чарба техникалары жана заманбап санариптик технологиялар коюлат. Жарманке ата мекендик өндүрүштүн жетишкендиктери менен таанышууга сонун мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Токионун борбордук бөлүгүндө жамгыр 34 күн катары менен жаап, метеобайкоолордун тарыхындагы эң узак жаан-чачындуу мезгил боюнча жаңы рекорд катталды.
Kyodo агенттигинин маалыматына ылайык, жаан 27-августтан бери токтой элек. Буга чейинки рекорд 2019-жылы катталып, анда 33 күн катары менен жааган болчу. Аба ырайынын мындай бузулушуна тайфундар жана күзгү жаан фронту себеп болууда.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%