play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today01.10.2026 105

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Бишкек шаарында иттерди коопсуз сейилдетүү үчүн 3 атайын аянтча курулуп башталды.Борбор калаанын мэриясы билдиргендей, аянтчалар Тоголок Молдо скверинде, Иманалы Айдарбеков көчөсүндө, ошондой эле Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашат. Алардын эң чоңу Эркиндик бульварында орун алып, аянты 300 чарчы метрди түзөт. Аянтча 1,8 метрлик тосмолор менен курчалып, ичине иттердин ойношу үчүн конструкциялар, суу түйүнү, атайын таштанды челектери жана жаныбарлардын качып кетпеши үчүн эки катар дарбазалуу тамбур орнотулат. Жолугушуучулар үчүн отургучтар жана бастырмалар да каралган.

 

 

1-октябрда Бишкектин Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.Мэриянын маалыматы боюнча, суу эртең мененки саат 09:00дөн кечки 19:00гө чейин жок болот. Бул чектөө «Калыс-Ордо-1» жана «Калыс-Ордо-2» суу топтомолорунда, ошондой эле суу түтүктөрүндө жүргүзүлө турган оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу. Шаар бийлиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт .

 

 

Бишкекте уй жана кой этинин баасын көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда.Муниципалитеттин билдирүүсүнө ылайык, райондук администрациялар Монополияга каршы кызмат жана ветеринардык инспекция менен биргеликте «Ош», «Орто-Сай» базарларын жана ондогон соода түйүндөрүн текшеришти. Свердлов районундагы мониторингдин жыйынтыгында уй этинин баасы 770 сом, ал эми кой эти 880 сом экени аныкталды. Текшерүүнүн алкагында сатуучуларга бааларды негизсиз көтөрбөө жана санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%