play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкектин Туңгуч кичи районундагы 9 кабаттуу имараттын курулушу мыйзам бузуулардан улам убактылуу токтотулду.
Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегиндеги объекттин котлованы долбоордон четтөө менен казылып, чектеш жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун жараткан. Бул эреже бузуу үчүн жооптуу тарапка 200 миң сом айып пул салынды. Курулуш иштери объект белгиленген ченемдерге ылайык келтирилгенге чейин токтотулду.
Бишкекте Абдрахманов көчөсүнүн Киев жана Москва көчөлөрү менен кесилиштеринде фонтандарды куруу жана жаңылоо иштери уланууда.Мэриянын маалыматы боюнча, Киев көчөсүнүн кесилишинде жаңы фонтан салынып жатса, Москва көчөсүндөгү «Алтын балыктар» фонтаны жаңыланууда. 6-июлда башталган бул курулуш иштерин 31-октябрга чейин бүтүрүү пландалган. Мэр Айбек Жунушалиев фонтандардын айланасындагы бак-дарактарды сактап, отургучтарды, балдар аянтчасын орнотууну жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.
Бишкекте капиталдык оңдоодон өткөн Коммунаров көчөсү, 93 дарегиндеги №63 бала бакча ачылды.Борбор калаанын мэриясы билдиргендей, эки кабаттуу имаратты жаңылоого 118 млн сом жумшалып, ички-тышкы жасалгасы, инженердик тармактары толугу менен алмаштырылды. Бала бакча негизи 280 балага ылайыкталганы менен, жыйналуучу керебеттерди колдонуу аркылуу 500гө чейин баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Имараттын аймагында 12 оюн аянтчасы курулуп, ичинде медициналык кабинет, заманбап ашкана, музыкалык жана гимнастикалык залдар каралган.
Автор: Kanat Kadyrjan