play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today02.10.2026 152

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

«Вотсапп» мессенжери өспүрүмдөрдүн коопсуздугун күчөтүү үчүн ата-энелерге арналган жаңы көзөмөл функцияларын киргизет.
«Казинформ» агенттигинин Би-Би-Сиге таянып билдиргенине караганда, жаңы кызмат аркылуу ата-энелер баласынын кайсы топторго кошулуп же чыкканын көрө алышат. Ошондой эле өспүрүмдүн профилдик сүрөтүн кимдер көрө аларын жана аны топторго кимдер кошо аларын чектөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андан сырткары, ата-энелер жасалма интеллект жардамчысына атайын чектөөлөрдү коё алышат.
Белгилей кетсек, жаңы функция баланын жеке кат жазышууларын окууга же чалууларын угууга жол бербейт, анткени бардык жеке маалыматтар жашыруун бойдон калат. Ата-энелер атайын пин-код коюу менен баланын бул чектөөлөрдү өз алдынча өчүрүп салуусунун алдын ала алышат.

 

 

Ооганстандын аймагында күчү беш бүтүн ондон сегиз баллга жеткен катуу жер титирөө катталды.
«Казинформ» агенттигини Казакстандын Улуттук маалыматтар борборуна таянып билдиргенине караганда, зилзала биздин убакыт боюнча таңкы саат алтыдан жыйырма тогуз мүнөт өткөндө болгон. Жердин силкинүүсүнүн очогу он сегиз чакырым тереңдикте жайгашканы аныкталды. Азырынча тилсиз жоодон жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу расмий маалыматтар түшө элек.

 

Дүйнөлүк футболдун жылдызы Криштиану Роналду Португалия улуттук курама командасынын машыгуу лагеринен күтүүсүздөн кетип калды.
«Казинформ» агенттиги билдиргендей, кырк бир жаштагы чабуулчу мындай чечимди кураманын башкы машыктыруучусу Жорже Жезуштун маалымат жыйынынан кийин жана Футбол федерациясынын президенти менен сүйлөшкөн соң кабыл алган. Роналду өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында улуттук командадан кетүүсүнүн чыныгы себептерин убактысы келгенде португалиялыктарга ачык айтып берерин убадалады.
Спорттук басылмалар бул окуяны футболчу менен башкы машыктыруучунун ортосундагы пикир келишпестиктер жана Роналдунун акыркы оюндарда негизги курамга кирбей, запаста калып калганы менен байланыштырууда. Азырынча анын бул кадамы улуттук курамадагы карьерасын расмий түрдө толугу менен аяктаганын билдиреби же жокпу — так тактала элек.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%