play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелери убактылуу жабылат.Муниципалитеттен билдиришкендей, 3-октябрда саат 07:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелеринде асфальтты алмаштыруу иштерине байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Кыймыл төмөнкү тилкелерде чектелип, жабылат:
Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейин;Карасаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин.Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана айдоочулардан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. Ошондой эле айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.
Кытайда суу астындагы дрондорду бир убакта учуруу боюнча жаңы Гиннесстин дүйнөлүк рекорду коюлду.«Казинформ» агенттиги маалымдагандай, Кытайдын Түндүк-Батыш политехникалык университети өнөктөштөрү менен биргеликте суу астына бир жүз он алты дронду бир убакта коё берди. Космостук эмес, суу астындагы бул аппараттар адамдын катышуусуз, толугу менен автономдуу режимде беш жүз метрден ашык аралыкты отуз төрт мүнөттө сүзүп өтүштү.
Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү бул сыноону ийгиликтүү деп таап, жаңы дүйнөлүк рекордду расмий катташты. Рекорд койгон аппараттын узундугу элүү сантиметрден ашып, салмагы беш килограммдан ашыкты түзөт жана ал отуз чакырымга чейинки аралыкка барууга жөндөмдүү.
Валюталардын расмий курсу
02.10.2026
1USD 87,44
1EUR 99,31
1RUB 1,04
1KZT 0,19
1CNY 13,04
Автор: Kanat Kadyrjan