play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today05.10.2026 48

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон 2 күндүк иш сапары ийгиликтүү аяктады.Сапардын алкагында өкмөт башчы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышып, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Ошондой эле ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери менен биргеликте Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушуп, интеграциялык байланыштарды талкуулады.Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынында сөз сүйлөп, анда өнөр жай жана инновация тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө маселелерин көтөрдү.

 

 

Бишкекте Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата мыкты мугалимдерге батир, автоунаа жана ири акчалай сыйлыктар тапшырылды.Улуттук филармонияда өткөн салтанатта шаар мэри Айбек Жунушалиев «2026-жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Анда биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген 52 педагогго 60-80-100 миң сомдук сертификаттар берилди. Ал эми эң жогорку жыйынтык көрсөткөн №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулуна бир бөлмөлүү батир жана тиричилик техникасы үчүн жарым миллион сомдук сертификат ыйгарылды. Мындан сырткары, дагы 2 мугалимге жаңы автоунаалардын ачкычтары тапшырылып, чакырылган бардык мугалимдерге аэрогриль белек кылынды.Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаадагы мектептерде жана бала бакчаларда 12 миңден ашык педагог эмгектенет.

 

 

Валюталардын расмий курсу

05.10.2026

1USD 87,45
1EUR 98,38
1RUB 11,04
1KZT 0,19
1CNY 13,04

Автор: Kanat Kadyrjan


0%