play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today05.10.2026 61

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Кыргызстанда орто жана жогорку кесиптик билим берүү тууралуу дипломдордун жаңыланган бирдиктүү санариптик реестри иштеп жатат.
Министрликтен билдиришкендей, ушул жылдын январь айынан тарта ишке кирген бул система жасалма документтерди колдонуу тобокелдигин азайтууга багытталган. Эми эки миң жыйырма төртүнчү жылдын март айынан бери берилген дипломдор базага автоматтык түрдө киргизилип, «Түндүк» тиркемесинде чагылдырылат. Ал эми ага чейин окууну бүткөндөр diplom.edu.gov.kg порталындагы жеке кабинети аркылуу өзүнүн дипломун реестрге өз алдынча киргизе алышат.

 

 

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлерине атайын форма кийүү укугу берилди.Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, тиешелүү өзгөртүүлөр атайын жана ведомстволук кийимдерди кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндөгү токтомго киргизилди. Бул расмий документ расмий жарыялангандан кийин 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жаңы эреже инспекция кызматкерлеринин шаарда тартипти камсыз кылууда алардын статусун жана укуктук негиздерин бекемдөөгө багытталган.

 

 

«Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышына байланыштуу бешинчи октябрда көрүүчүлөр үчүн шаардын 10 аймагынан акысыз шаттл-автобустар каттайт.Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, атайын унаалар стадионго чейинки каттамдарды күндүзгү саат үчтөн кечки алтыга чейин ишке ашырат, ал эми иш-чара аяктагандан кийин жарандарды кайра артка ташыйт. Кайгуул кызматы жол тыгындарын алдын алуу максатында жеке автоунааларды үйдө калтырып, коомдук транспортту колдонууга чакырат. Анткени стадиондун тегерегиндеги аймактарга жеке транспорттун киришине чектөө киргизилип, атайын шаттл-автобустарга гана уруксат берилет.Акысыз автобустар шаардын 10 түйүнүнөн жөнөйт.Алар «Түбөлүк от» аянты, Батыш автобекети, «Киркомстром», «Асанбай», «Ак-Кула», «Аламүдүн-1», «Көк-Жар», Т. Фрунзе жана Абдымомунов көчөлөрү, ошондой эле Сухэ-Батор көчөсүндөгү «Глобус» гипермаркети.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%