play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today06.10.2026 54

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Бишкек – Ош унаа жолунун 428-441-чакырымында беш жерден сел жүрүп, жолду бөгөп калды.Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жолдун бир тарабы ачылып, экинчи тилкесин тазалоо иштери кызуу уланууда. Кырсык болгон жерге №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, унаалардын коопсуз каттамын толук калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө. Айдоочулардан жолдо этият болууну жана убактылуу чектөөлөрдү эске алууну суранышат.

 

 

Манас шаарындагы Ж. Болотов атындагы №21 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу толугу менен аяктады.Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, үч кабаттуу заманбап имарат Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Жаңы корпуста заманбап окуу класстары, спорттук жана жыйындар залдары, лабораториялар, ошондой эле өзгөчөлүк катары 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган. Бул долбоор мектептеги орун тартыштыгын чечип, эки нөөмөттө 700гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзөт.

 

 

АКШнын Гавайи аралындагы 550 жылдык тарыхы бар, бийиктиги 20 метрлик белгилүү таш аркасы океанга урап түштү.
Бул кооз жаратылыш эстелиги ушул жылдын 23-сентябрынан 27-сентябрына чейинки аралыкта жок болгон. Адистердин айтымында, буга аймактагы катуу бороон, океандын ири толкундары жана шамал себеп болгон. Ошондой эле 2018-жылдагы вулкандын атылышы да аскаларды алсыраткан. Бул жай туристтер эң көп сүрөткө түшкөн белгилүү орун эле. Учурда улуттук парк калган аскалар да урап кетиши мүмкүн экенин эскертип, туристтерди ал жерге жакындабоого чакырууда.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%