play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында бул кызматтын түзүлгөндүгүнүн 108 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди.ИИМдин маалыматы боюнча, салтанаттуу иш-чарага министрликтин жетекчилиги, өздүк курам жана кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери катышты. Майрамдын алкагында кызматтык милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктар тапшырылды. Министрликтин жетекчилиги укук тартибин камсыздоодо жана жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоодо күнү-түнү кызмат кылган кызматкерлерге кесипкөйлүгү жана кайраттуулугу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Борбор калаадагы заманбап “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылыш аземи болду.Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын жана коңшу өлкөлөрдүн белгилүү аткаруучуларынын катышуусунда масштабдуу майрамдык программа жана фестиваль уюштурулган. Жаңы стадиондо жалпы 60 миңдей көрүүчүгө орун жана атайын фан-зона каралып, ачылышка билеттер жарандарга акысыз берилген. Ошондой эле, көрүүчүлөрдүн өз убагында коопсуз жетип алуусу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы стадионго чейин жана кайра артка каттай турган атайын акысыз автобустарды ишке киргизди.
Жаңы ачылган “Бишкек Арена” стадионунда кыргыз элинин гимнине айланган белгилүү “Кыргыз жери” ыры өзгөчө форматта жаңырып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүн толкутту.Сөзү Түмөнбай Байзаковго, ал эми обону Апаз Жайнаковго таандык бул шедевр чыгарманы бул жолу өлкөнүн эң белгилүү 12 ырчы-аткаруучусу, алардын ичинде Саламат Садыкова жана Динара Акулова биргеликте аткарышты. Масштабдуу ачылыш аземинин алкагында уюштурулган бул өзгөчө номер стадионго чогулган миңдеген көрүүчүлөрдүн кызуу колдоосуна татыды.
Автор: Kanat Kadyrjan