play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
«Исмар» компаниясы Диана Дуйшоналиева
«Авторадио» эфиринде «Исмар» компаниясынын өкүлдөрүн конок катары кабыл алдык. Эфирдин коноктору — компаниянын негиздөөчүлөрүнүн жана идеялык дем берүүчүлөрүнүн бири Рустам Нургалеев жана башкы директору Сергей Павлов.
Рустам Нургалеев — исламдык каржы жана инвестиция тармагында 12 жылдан ашык тажрыйбасы бар эксперт. Ал исламдык финансылык принциптерди реалдуу инвестициялык долбоорлор менен айкалыштыруу багытында иш алып барып, 2019-жылдан бери Кыргызстандагы курулуш тармагына инвестиция салып келет. Сергей Павловдун Россия жана Кыргызстандагы инвестициялык рыноктордо 14 жылдык тажрыйбасы бар.
Маек учурунда «Исмар» компаниясынын түзүлүү идеясы, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, исламдык каржынын өзгөчөлүктөрү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана Кыргызстандагы реалдуу долбоорлор тууралуу сөз болду.
Автор: Диана Дуйшоналиева