play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Кыргызстандын Энергетика министрлиги өзүнүн туңгуч логотибин жана бирдиктүү фирмалык стилин иштеп чыкты.
Министрликтин маалыматы боюнча, буга чейин мекеменин өзүнчө визуалдык стили болгон эмес жана бардык материалдарда өлкөнүн Мамлекеттик герби колдонулуп келген. Жаңы логотип министрликтин адистери тарабынан кыргыз, орус жана англис тилдеринде жасалды. Анын негизин өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын жана маданиятын чагылдырган тоолор, ГЭС, электр берүү линиялары жана улуттук оймо-чиймелер түзөт. Бул фирмалык стиль мындан ары мекеменин расмий платформаларында, социалдык тармактардагы баракчаларында жана коммуникациялык материалдарында бирдиктүү форматта колдонулат.
Каракол шаарында 9-10-октябрда Япониянын маданият күндөрүнө арналган кеңири масштабдагы иш-чаралар өтөт.
Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, маданий кампаниянын алкагында жапондун салттуу барабанчыларынан турган “Ооэдодайко” тобунун концерти жана бир катар өзгөчө программалар уюштурулат. Алсак, 9-октябрда “Толкун” борборунда “Ооэдодайко” жана “Суши Бармак” топторунун биргелешкен концерти өтсө, 10-октябрда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жапон каллиграфиясы, оригами жана юката улуттук кийимин кийүү боюнча мастер-класстар, ошондой эле кэндо, дзюдо, айкидо боюнча спорттук көрсөтүүлөр тартууланат. Долбоор JICA жана Кыргыз-Япон борбору (KRJC) тарабынан уюштурулуп жатат жана бардык иш-чараларга кирүү акысыз.
Валюталардын расмий курсу
07.10.2026
1USD 87,45
1EUR 98,04
1RUB 1,04
1KZT 0,19
1CNY 13,04
Автор: Kanat Kadyrjan