play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today07.10.2026 37

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу түнкүсүн унаа кыймылы убактылуу чектелет.“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, Бишкек-1 – Бишкек-2 багытындагы Асаналиев (мурдагы Некрасов) көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгүндө тосмо түзүлүштөрдү (УЗП) алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Мындан улам 8, 9, 10 жана 11-октябрь күндөрү саат 21:00дөн эртең мененки 06:00гө чейин кыймылга чектөө киргизилет. 8-11-октябрь, саат 21:00дөн 06:00гө чейин Оңдоо иштери этап-этабы менен аткарылып, алгач жолдун бир тарабы, кийин экинчи тарабы жабылат. Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландаштыруу сунушталат.

 

 

Ош шаарынын күнүндө шаардык төрөтканада жарык дүйнөгө келген ымыркайлар үчүн атайын сүйүнчү бокстар тапшырылды.
Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, бул демилге калаа башчысы Жанарбек Акаев тарабынан көтөрүлүп, ал энелер менен балдардан өзү кабар алып, эң керектүү буюмдардан турган белектерди берди. Белгилей кетсек, бул майрамдык күнү Ош шаардык төрөтканада жалпысынан 38 ымыркай төрөлгөн. Шаар мэри бул сонун жөрөлгө калаада салтка айланып, жыл сайын улантыларын баса белгиледи.

 

 

Кытай менен Улуу Британиянын окумуштуулары электромобилдерди зымсыз кубаттоого мүмкүнчүлүк берген, натыйжалуулугу 98,51 пайызга жеткен жаңы системаны ойлоп табышты.Казинформдун билдирүүсү боюнча, 20 кВт кубаттуулуктагы бул зымсыз тутумду түзүүгө Кембридж университетинин жана Кытай Илимдер академиясынын адистери катышкан. Жаңы иштелип чыккан магниттик тилкенин калыңдыгы болгону 4 ммди түзүп, мурункулардан эки эсе жука болсо да, энергияны электромагниттик индукция аркылуу жогорку деңгээлде өткөрө алат. Окумуштуулар бул технологияны айдоочусуз унааларды, дрондорду жана өнөр жай роботторун толук автоматтык түрдө кубаттоого өтүүдөгү маанилүү бурулуш катары баалашууда. Учурда бул системаны массалык өндүрүшкө киргизүү иштери башталды.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%