play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
8-октябрдан баштап Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарына эки күндүк иш сапары менен барат.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен өтө турган бул сапардын алкагында өлкө башчысы эки ири эл аралык иш-чарага катышат. 8-октябрда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун 8-жыйынында соода, транспорт жана энергетика маселелери талкууланат. Ал эми 9-октябрда Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып, уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү пландарын карап чыгат.
13-октябрда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин ачылыш аземи өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсү боюнча, салтанаттуу иш-чара саат 11:00дө башталат. Аземдин алкагында залкар манасчынын кыргыз маданиятына, өзгөчө улуу “Манас” эпосун сактап, даңазалоого кошкон зор салымы белгиленип, анын чыгармачылык мурасы эскерилет. Салтанатка маданият жана искусство өкүлдөрү, манасчылар, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышат.
Бишкек шаарындагы негизги май куюучу жайларда бензин жана дизелдик күйүүчү майдын бүгүнкү күнгө карата орточо баалары төмөнкүдөй:
• АИ-92: 87,80 — 87,90 сом;
• АИ-95: 109,00 — 109,90 сом;
• Дизель майы (ДТ): 99,90 сом;
• Суюк газ (СУГ): 48,80 сом
Автор: Kanat Kadyrjan