play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАНЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Ишемби күнү, 10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине байланыштуу Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтынын айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чараларга байланыштуу Чүй проспектиси (Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин), ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Орозбеков, Раззаков жана Абдумомунов көчөлөрүнүн айрым тилкелери жабылат. Айдоочулардан тыгындарда калбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландап, башка көчөлөр аркылуу айланып өтүү сунушталат.
Суучулдар Токтогул суу сактагычын тордон тазалоодо. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.Маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычынын акваториясынан Суучулдар кызматы тарабынан болжол менен 1600 метрди түзгөн 16 даана мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды.
Үстүбүздөгү жылдын 18–21-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында залкар күүчү Ниязалы Борош уулунун 170 жылдык мааракесине арналган республикалык кароо-сынак өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсү боюнча, бул ири маданий иш-чара К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында уюштурулат. Сынакка 17 жаштан жогорку курактагы комузчулар катыша алат жана алар эки турда өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Сынактын экинчи турунда залкар күүчүнүн «Сурнай күү» чыгармасын аткаруу милдеттүү шарт болуп саналат. Жеңүүчүлөр 21-ноябрда өтүүчү гала-концертте аныкталып, баш байге жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Катышуу үчүн билдирмелер 7-ноябрга чейин кабыл алынат.
Автор: Kanat Kadyrjan