play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Президент Садыр Жапаров Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысынын Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагындагы бул жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, үч сааттан ашык убакытка созулду. Анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инфраструктураны жаңылоо, таза суу, спорт жана медициналык объектилерди куруу маселелери талкууланды. Ошондой эле тургундар сот жана укук коргоо органдарынын ишинде адилеттүүлүктү камсыз кылуу, пенсия жана жер тилкелерин берүү маселелерин көтөрүштү. Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселелерди дыкат изилдеп, чечүү боюнча тапшырмаларды берди.
Жер шарында акыркы үч айдагы эң күчтүү, интенсивдүүлүгү G3 деңгээлине чейин жеткен магниттик бороон катталды.Орусиянын Илимдер академиясынын Күн астрономиясы лабораториясынын адистеринин билдиришинче, геомагниттик бороон 10-октябрда саат 20:00 чамасында башталып, болжолдонгон убакыттан эрте аяктады. 11-октябрда эртең менен Жердин магнитосферасы толук тынчтанган.Буга чейинки ушундай күчтүү бороон үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда байкалган. Адистер Күн активдүүлүгүнүн күчөшүнөн улам жакынкы 24 сааттын ичинде геомагниттик толкундоолордун жаңы толкуну болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Валюталардын расмий курсу
12.10.2026
1USD 87,45
1EUR 98,12
1RUB 1,02
1KZT 0,19
1CNY 13,06
Автор: Kanat Kadyrjan