play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Президент Садыр Жапаров А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды.Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы мекеменин учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.Садыр Жапаров 2023-жылы Мамлекеттик циркке өзү барып, аны капиталдык реконструкциялоону тапшырганын эске салды. Мамлекеттик колдоонун аркасында циркти жаңылоого, өнөрпоздордун чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана балдар менен чоңдордун сапаттуу маданий эс алуусун уюштурууга шарттар түзүлгөн.Ошол эле учурда президент көрүлгөн чараларга карабастан, узакка созулган ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылганын айтты.Садыр Жапаров Мамлекеттик цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болууга тийиш экенин баса белгиледи.
Францияда супермаркеттердин муздаткычтарына хакердик чабуул жасалып, азык-түлүктөр бузулду жана айрым дүкөндөрдө өрт чыкты.
Хакерлер муздаткычтарды алыстан башкарып, ичиндеги температураны 50 градуска чейин ысытып жиберишкен. Мунун айынан 150дөн ашык дүкөн зыян тартып, коопсуздук үчүн бардык тамак-аш төгүлдү. Учурда Париж прокуратурасы жана киберкоопсуздук кызматтары бул кылмышты ким жасаганын иликтөөдө.
Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттарында курулуп жаткан жаңы асман тиреген имараттар дүйнөдөгү эң бийик үч курулуштун катарын толуктайт.
АЗЕРТАЖ агенттиги билдиргендей, Сауд Арабиясындагы «Жидда» мунарасынын бийиктиги 1 000 метрден ашып, ал тарыхтагы эң алгачкы миң метрлик имарат болуп калмакчы. Ал эми Дубайда курулуп жаткан 725 метрлик «Бурж Азизи» мунарасы дүйнөдө үчүнчү орунга чыгат. Учурда планетадагы эң бийик курулуш болуп эсептелген Дубайдагы «Бурж-Халифа» 828 метр жаңы долбоорлордон кийин экинчи орунга жылат.
Автор: Kanat Kadyrjan