play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today15.10.2026 121

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Чаткал районундагы Шекафтар айылында 1949-жылдан бери иштеп келген стадион реконструкциядан кийин ачылды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ачылыш аземине президенттин өкүлү Тилек Текебаев катышты. Иш-чарада Тилек Текебаев жаңыланган стадион жаштардын спорт менен машыгуусуна жана айылда мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле спорттук мелдештерди уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

 

 

Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры 15–16-октябрда Ош облусунун Өзгөн районуна гастролго барып, «Кыйылган өмүр» спектаклин тартуулайт.Маданият министрлигинен билдиришкендей, коомдук курч көйгөйлөрдү чагылдырган бул чыгарма Өзгөн районунун бир катар айылдарында төмөнкү тартипте көрсөтүлөт:
• 15-октябрь (саат 11:00 жана 14:00) — Мырза-Аке маданият үйү;
• 16-октябрь (саат 11:00) — Көлдүк маданият үйү;
• 16-октябрь (саат 14:00) — Большевик маданият үйү;
• 16-октябрь (саат 16:00) — Кызыл-Тоо маданият үйү.

 

 

Валюталардын расмий курсу

 

15.10.2026

 

1USD 87,45
1EUR 97,89
1RUB 1,04
1KZT 0,19
1CNY 13,06

Автор: Kanat Kadyrjan


0%