play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
15-октябрдан тартып Бишкек шаарында № 37 жаңы автобус каттамы иштей баштайт. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.Жаңы каттам Биримдик-Кут конушун Курманжан датка көчөсү менен байланыштырат.
Бишкекте «Аламүдүн» базарынын аймагында жүргүнчүлөрдү түшүрүп жана салып жаткан шаар четине каттаган таксилер Чыгыш автобекетинин маңдайындагы аянтчага көчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.Бул чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттары боюнча каттаган ташуучуларга тиешелүү.Мэриянын маалыматы боюнча, бул башаламан токтотууну кыскартууга жана жакын жайгашкан көчөлөрдү бошотууга мүмкүндүк берет.
Талас шаарындагы жаңы жана заманбап «Талас Арена» стадионунун расмий ачылыш аземи 2-ноябрда өтөт.Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, салтанаттын алкагында Кыргызстан чемпионатынын алкагында «Азия» (Талас) жана «Талант» (Беш-Күңгөй) командаларынын ортосунда беттеш уюштурулат. Жаңы курулган бул комплекс 5 000ден ашык көрүүчүгө ылайыкташтырылган жана ал «Азия» клубунун үй стадиону болуп калат. Мында табигый чөп төшөлгөн негизги талаа, чуркоо жолдору, кошумча машыгуу аянтчалары, ошондой эле спортчулар үчүн жатакана, фитнес-зал жана VAR системасын орнотууга керектүү бардык заманбап шарттар түзүлгөн.
Автор: Kanat Kadyrjan