play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын сегиз айында орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түздү.Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,7 пайызга өскөн. Эмгек акынын эң жогорку өсүшү искусство, эс алуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, курулуш жана айыл чарба тармактарында катталды. Ошондой эле каржылык ортомчулук, камсыздандыруу жана транспорт тармагында иштегендердин да айлыгы олуттуу жогорулаган.
Жогорку Кеңеш туугандык байланышы жок болсо да, керээз аркылуу мурас алууну жеңилдеткен мыйзам долбоорун үчүнчү окууда бир добуштан жактырды.Депутаттар тобу демилгелеген бул өзгөртүү маркумдун жакын тууганы болбогон, бирок керээз боюнча мурасчы деп аталган жарандардын укугун коргоого багытталган. Буга чейин андай жарандар мамлекеттик органдардан маркумдун өлүмү тууралуу күбөлүгүн ала албай, мурасты өзүнө каттатууда чоң көйгөйлөргө туш болуп келишкен. Жаңы эрежеге ылайык, колунда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн керээзи бар адамдарга маркумдун өлүмү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн алууга расмий укук берилет.
Бишкек шаарынын негизги май куюучу жайларындагы күйүүчү майдын бүгүнкү күнгө карата расмий баалары төмөндөгүдөй сакталууда:
• АИ-92: – 87,90 сом
• АИ-95: – 110,00 сом
• Дизель : 99,90 сом
• Автогаз : 48,80 сом
Автор: Kanat Kadyrjan