play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бахадыр Бебезов Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов борбордун жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.
Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды.Онлайн каттоо үстүбүздөгү жылдын 29-октябрына чейин уланат. Бул жолку сынак абитуриенттерди университеттердин контракттык орундарына гана кабыл алуу үчүн өткөрүлүүдө. ЖРТга мурунку жылдардын жана 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрү гана катыша алышат, ал эми мектептин 11-классынын окуучулары каттала алышпайт. Катталуу үчүн паспорт жана аттестаттын түп нускасы менен жергиликтүү билим берүү бөлүмүнө кайрылуу зарыл.Тестирлөө ушул жылдын 20-ноябрынан 22-ноябрына чейин өтөт. Анда негизги жана мамлекеттик тил боюнча тесттер милдеттүү болуп саналат. Ар бир тесттин катышуу акысы 470 сомду түзөт.
Бишкекте тогуз айда 8 жарым миңден ашык мыйзамсыз объект бузулуп, 267 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулду.
Мэриянын маалыматы боюнча, демонтаждалган курулуштардын ичинен 4 миңден ашыгы жеңил типтеги объекттер, миңден ашыгы капиталдык имараттар менен тосмолор, ал эми 3 миңден ашыгы жарнама такталары болгон. Ошондой эле Ала-Арча, Аламүдүн дарыяларынын жана Чоң Чүй каналынын жээктеринен 56 курулуш тазаланды. Эреже бузуулар боюнча 76 миллион сомдон ашык айып пул салынып, муниципалдык жерлерди пайдалангандыгы үчүн 85 миллион сомдон ашык ижара акысы өндүрүлдү.
Автор: Kanat Kadyrjan