play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкекте Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындары өтө баштайт.Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага катышуу үчүн өлкөгө Түркия, Казакстан жана Азербайжан парламенттеринин жетекчилери баштаган депутаттар жана байкоочу өлкөлөрдүн делегациялары келет.Ассамблеянын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
29-октябрда Бишкекте залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт.Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда уюштурулат. Эскерүү кечеси саат 11:00дө башталат.
Муса Жангазиев атындагы куурчак театры ноябрь айына карата өзүнүн репертуарын жарыялады.Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсү боюнча, кичинекей көрүүчүлөр үчүн кыргыз жана орус тилдеринде бир катар кызыктуу спектаклдер сунушталат. Сахналаштырылган оюндар ишемби жана жекшемби күндөрү саат 11:00дө жана 12:30да башталат.
Автор: Kanat Kadyrjan