play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today19.10.2026 97

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

20-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде саат 10:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, суу берүү бурама тээкти алмаштыруу иштерине байланыштуу токтотулат. Суу убактылуу токтотула турган аймак:
• Осмонкул көчөсү — Огонбаев көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү.
Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын алдын ала суу камдап алууну сунуштайт.

 

 

Ош шаарында бир катар жаңы сейилбактар пайдаланууга берилди.Мэриянын маалыматы боюнча, жыл башынан бери калаада жалпы аянты 56 гектардан ашкан 33 эс алуу жайы түзүлдү. Жаңы ачылган аймактарга 650 түп бак-дарак жана 75 миң түп гүл эгилди.
Жаңы сейилбактар төмөнкү даректерде ачылды:
• «Киргизия» кинотеатрынын жана Өчпөс оттун жанында;
• Масалиев, Раззаков жана Санкт-Петербург көчөлөрүндө;
• Манас-Ата кичи районунда, Ишкаван жана Достук айылдарында.

 

 

Ысык-Көл облусунун Түп районунда Балбай баатырдын эстелигинин ачылышына карата Манас айтуу жана республикалык төкмө акындардын айтышы өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.Ал өз сөзүндө манасчылык жана төкмөлүк өнөр кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы экенин белгилеп, улуттук өнөрдү сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга өткөрүп берүү маанилүү экенин айтты.Иш-чара кыргыздын улуттук маданиятын даңазалоого жана сөз өнөрүн жайылтууга багытталды.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%