play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today20.10.2026 72

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Бишкек шаарындагы мектептер арасында «Мыкты кыргыз тили жана адабият кабинети» аттуу сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Мэриянын маалыматы боюнча, кыргыз тилин окутуунун сапатын жогорулатууну көздөгөн бул сынакка 7 мектеп катышты. Атайын комиссиянын чечими менен төмөнкү мектептер жеңүүчү деп табылды:
• I орун — №79 мектеп;
• II орун — А. Каниметов атындагы №1 мектеп;
• III орун — №10 жана №40 мектептер.

 

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2027-жылы Орозо айы 8-февралда башталат.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул күн азырынча божомол гана болуп саналат.Орозонун башталышы боюнча акыркы чечим ай календарын эске алуу менен, рамазан айы жакындаганда кабыл алынат.

 

Казакстанда маймыл чечегинин жайылуу коркунучу төмөн деп бааланууда, бирок өлкөгө кирип келүү божомолунан улам чек арада көзөмөл күчөтүлдү.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, эл аралык каттамдардын жигердүүлүгүнөн улам инфекциянын өлкөгө келишин жокко чыгарууга болбойт. Ушундан улам, мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, бардык пункттар байланышсыз термометрлер менен жабдылды. Медициналык уюмдар жана лабораториялар ооруну өз убагында аныктоого толук даяр.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%