play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today20.10.2026 89

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтту.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, жарманкеде сапаттуу азык-түлүктөр базар баасынан арзан, түз өндүрүүчүлөрдүн баасында сунушталды. Иш-чаранын башкы максаты — жергиликтүү дыйкандарды колдоо жана калкты жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу. Белгилей кетсек, Нарын районунда мындай жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү уюштурулуп турат.

 

Ноокат районунда 2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк буудай жана арпа себүү иштери жигердүү уланууда.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, райондо күздүк дан эгиндерин себүү үчүн жалпы 10 миң 300 гектар жер каралып, учурда анын 1 миң гектарына үрөн себилди. Иштерди колдоо максатында районго 10 тонна күйүүчү май бөлүнүп, үрөн менен минералдык жер семирткичти бир учурда себүүгө мүмкүндүк берген жаңы технология колдонулуп жатат. Жалпысынан республика боюнча күздүк дан эгиндерин 200 миң гектарга себүү пландалууда.

 

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Кыргыз киносунун 85 жылдык мааракеси белгиленет.
Маданият, министрлигинен билдиришкендей, 85 жылдык тарыхында ата мекендик кинематография улуттук маданиятты, тарыхты жана руханий баалуулуктарды чагылдырган өчпөс мурас калтырды. Бул маараке улуттук кино өнөрүнүн эл аралык деңгээлдеги ийгиликтерин баалоо, кино тармагына салым кошкон инсандарды эскерүү жана жаңы муундун чыгармачылыгына дем берүү максатын көздөйт.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%