play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today21.10.2026 38

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Министрлер кабинетинин токтому менен чет мамлекеттерде катталган унааларды өлкөгө киргизүүнүн жана пайдалануунун жаңы эрежелери бекитилди.
Жаңы эрежелерге ылайык, чет элдик унаалар Кыргызстанда 6 айга чейин гана жүрө алат, андан кийин кеминде 30 күнгө сыртка чыгарылууга тийиш. Бир адам бир эле убакта бир гана унаа киргизе алат жана бул процесс унаа ээсинин катышуусу менен гана ишке ашат. Мурда унаасын өз убагында алып чыкпаган жарандарга кайрадан унаа киргизүүгө тыюу салынат. Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаарында 21-октябрдан 25-октябрга чейин Т. Усубалиев атындагы аянттын (Эски аянт) айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, бул чектөөлөр шаарда өтө турган «АгроТехЭкспо-2026» жана «Алтын күз» көргөзмө-жарманкелерине байланыштуу. Кыймыл чектеле турган негизги аймактар:
• Раззаков көчөсү (Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин);
• Орозбеков көчөсү (Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин);
• Эски аянттын бөлүгү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин);
• Улуттук драма театрынын айланасы.
Жарманкеге келгендер үчүн мурдагы ТИМ имаратынын жанындагы Мамлекеттик кадастр агенттигинин Бишкек филиалынын аймагында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.

 

 

СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, атактуу опера ырчысы жана педагог Кайыргүл Сартбаева 90 жашында дүйнөдөн кайтты.Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган . Ал Москва мамлекеттик консерваториясын бүтүрүп, Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында 50дөн ашык опералык партияларды, анын ичинде Татьяна, Лиза жана Жамиля сыяктуу негизги образдарды жараткан . 1987-жылдан тарта улуттук консерваторияда сабак берип, жүздөгөн шакирттерди тарбиялаган.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%