play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1 319 жараны эркинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөп жатат.
Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдиргендей, ТИМдин маалыматы боюнча мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү, тагыраагы 1 003 жаран Орусияда жаза мөөнөтүн өткөрүүдө. Ошондой эле Казакстанда — 109, Өзбекстанда — 55 жана Иракта — 41 кыргызстандык соттолгон. Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөнүн 14 мамлекети менен жарандарды экстрадициялоо боюнча эки тараптуу келишимдерге ээ.
Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында учурда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен 172 бейтап дарыланууда.
Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин билдиргенине караганда, бейтаптардын кескин агылып келиши байкалган жок жана бул жыл сайын катталып жүргөн эле сезондук вирустар. Бир суткада орточо 250 адам кайрылып, анын 50-70и КРВИ менен келгендер болуп саналат. Жалпы 500 орунга эсептелген бейтапкана зарыл учурда КРВИ менен ооругандар үчүн кошумча дагы 200 орун даярдоого жана бөлүмдөрдү кычкылтек концентраторлору менен камсыздоого даяр. Учурда реанимацияда 7 бейтап жатса, анын экөө КРВИ менен жаткырылган, ал эми коронавирус жуктургандар жок.
Акыркы 100 жылда дүйнө жүзүндө адамдардын орточо бою болжол менен 10 сантиметрге узарды.Бул көрүнүш тамактануунун жакшырышы, медицинанын өнүгүшү жана жашоо деңгээлиний жогорулашы менен байланыштуу. Бир кылым ичинде аялдардын бою эң көп Түштүк Кореяда (20 см), ал эми эркектердики Иранда (17 см) өскөн .Тарыхта бой дайыма эле өсө берген эмес. Маселен, мындан 12 миң жыл мурда дыйканчылыкка өтүү жана 18-кылымдагы өнөр жай революциясынын алгачкы мезгили бойдун кыскарышына алып келген.Ал эми 14-кылымдагы кара тумоодон кийин калк азайып, жашоо шарты жакшырганда, Англияда орточо бой 4 сантиметрге узарган.Азыркы тапта өнүккөн өлкөлөрдө адамдардын бою генетикалык чегине жеткени же тез татымдар менен кыймылсыз жашоодон улам мындан ары өспөй калышы мүмкүн деп болжолдонууда
Автор: Kanat Kadyrjan