play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Өзгөн шаарында шаар күнүнө карата уюштурулган майрамдык салтанатта тургундарга жана конокторго 1 тонна өзгөн ашы акысыз таратылды.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, майрамдык программанын алкагында спорттук оюндар, ошондой эле жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн жана дыйкандардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулду .Салтанаттуу иш-чара ата мекендик белгилүү ырчылардын катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыкталды.
Нигерияда Угандадан учак менен келген жарандан Эбола вирусу аныкталып, бул илдетти жуктуруунун биринчи учуру катталды.
Казинформ басылмасы билдиргендей, вирус жуктурган бейтап өлкөнүн борбору Абуджа шаарындагы жеке клиникалардын биринде дарыланууда жана ал ушул убакка чейин 44 адам менен байланышта болууга жетишкен .Бул окуядан улам Нигерия өкмөтү бардык медициналык мекемелерге эпидемиологиялык кырдаалга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Белгилей кетсек, Эбола вирусунун бул жолку жайылышы 2026-жылдын май айында Конгодо башталып, акыркы маалыматтар боюнча анда 9 миңден ашык учур катталган жана 4,5 миңден ашуун адам каза болгон.
Япония Марстын Фобос жана Деймос спутниктерин изилдөө үчүн космоско 578 миллион долларлык MMX аппаратын учурду.
Япониянын аэрокосмостук изилдөөлөр агенттигинин (JAXA) маалыматына ылайык, 5 тонналык аппарат Танэгасима космодромунан жөнөтүлдү.Миссиянын негизги максаты — Фобос спутнигине конуп, анын топурагынан 10 грамм үлгү алып, 2031-жылы Жерге жеткирүү.
Долбоорго АКШ, Франция, Германия жана Европа космостук агенттиги катышууда.Франция менен Германия биргеликте даярдаган «Идефикс» чакан марсоходу Фобоско биринчи болуп конуп, 100 күн бою секундасына 1 миллиметр ылдамдыкта жылып, изилдөө жүргүзөт.Буга чейин СССР жана Россия Фобоско конууга үч жолу аракет кылып, бирок бир дагы миссиясында спутниктин бетине коно алган эмес.
Автор: Kanat Kadyrjan