play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 чакырымдык жаңы унаа жолунун курулушу кызуу уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жолдун 6 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерине 8 атайын техника жана 20га жакын жумушчу тартылып, жолго жалпысынан эки катмар асфальт басылат. Бул айланып өтүүчү жол пайдаланууга берилгенден кийин, Ала-Бука жана Чаткал райондоруна каттаган оор жүк ташуучу унаалар Кербен шаарынын борбордук көчөлөрүнө кирбей, түз өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүн алышат.
Токтогул суу сактагычында суу астын тазалоо иштеринин жүрүшүндө жалпы узундугу 900 метрге жеткен 9 даана балык уулоочу тор чыгарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматынын адистери бул тазалоо иштерин ийгиликтүү аткарып бүтүштү.Мындай иш-чаралар суу сактагычтын экосистемасын коргоо, балыктардын жасалма торлорго байланып калуусунун алдын алуу жана суунун тазалыгын сактоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
Франциянын түштүгүндөгү бир катар аймактарды нөшөрлүү жаандан кийин суу каптап, ондогон адамдар коопсуз жайларга эвакуацияланды.
ТАСС басылмасы билдиргендей, жааган катуу жаандын кесепетинен дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо Эро департаментинен Буш-дю-Рон департаментине чейинки аймактарды камтыган.Айрым жерлерде суунун тереңдиги бир метрге жетип, бир нече унаа жолдору жабылган .Синоптиктердин маалыматына караганда, Буш-дю-Рон департаментинде бир суткада дээрлик 190 миллиметр жаан-чачын жааган .
Автор: Kanat Kadyrjan