play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today23.10.2026 121

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

23-октябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Шаардык мэриядан билдиришкендей, чектөө эртең мененки саат ондон кечки онго чейин күчүндө болот. Бул убакыт аралыгында суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Айни, Жунусалиев, Гагарин, Абдраимов көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен чектелеген аймактагы турак үйлөргө, мектеп, бала бакча жана ооруканаларга суу берүү токтотулат. Шаардык кызматтар тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

 

 

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында 26-октябрдан 30-октябрга чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, тазалоо иштери күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүрөт . Бул убакта унаа жолу убактылуу жарым-жартылай жабылып, кыймыл бир тилке аркылуу гана өткөрүлөт. Эгер жолдо 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, айдоочуларга жол ачуу үчүн таш түшүрүү жумуштары убактылуу токтотулуп турат.

 

 

БУУ өлкөлөр берген убадаларын аткарган күндө да, дүйнөлүк температура 2,5 градуска чейин жогорулашы мүмкүн экенин эскертти.
Казинформ маалымдагандай, ЮНЕП климаттык кырсыктардын (суу ташкыны, кургакчылык, өрт) алдын алуу үчүн парник газдарын 2030-жылга чейин 18%га, ал эми 2035-жылга чейин 45%га кескин кыскартууга чакырат.БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш температура 1,5 градустук чектен ашса дагы, кылымдын аягына чейин аны кайра төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты .Бул үчүн 2035-жылга чейин дүйнөдө көмүрдү колдонууну 55%га, мунайды 15%га жана газды 5%га азайтуу зарыл .Анткен менен акыркы жылдары дүйнөдө күн энергиясы күтүлгөндөн жети эсе тез өнүгүп жатканы кошумчаланды.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%