play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today23.10.2026 152

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына жаңы суу сактагыч курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушкан учурда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч куруу боюнча долбоорлоо иштери кызуу жүрүп жатат жана ал аяктагандан кийин курулуш иштери башталат. Мындан тышкары, Базар-Коргон шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын калыбына келтирүү боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалууда. Ошондой эле аймакка жаңы келген атайын техникалар менен ички чарбалык каналдар тазаланып, сугат мезгилине даярдык көрүлүүдө.

 

Кыргызстанда эки жүз кырк сегиз миңден ашык жаран, топтомо пенсиялык каражаттарын алды. Социалдык фонддон билдиришкендей, октябрь айына карата төлөнгөн акчанын жалпы көлөмү жети миллиард үч жүз сексен алты миллион сомдон ашты. Мекеме бул каражаттар пенсия курагына жеткендерге, чет өлкөгө көчүп кеткендерге, мураскорлорго, ипотека алгандарга, үлүштүк курулушка катышкандарга, оор илдетке чалдыккандарга жана расмий жумушсуздарга берилерин эскертет. Эң көп акча пенсия курагындагыларга жана ипотека алгандарга которулган.

 

 

Залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды.
Маданият, министрлигинен билдиришкендей, айтыштын баш байгесин (Гран-при) Кутман Садыбакасов жеңип алды .Сөз өнөрүнүн устаттары күч сынашкан мелдеште орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
• 1-орун: Акматбек Султан уулу
• 2-орун: Асылбек Маратов
• 3-орун: Темирбек Матыбаев
Ал эми төкмө акындар Чыңгызхан Кожошев менен Жылдызбек Төрөканов калыстар тобунун атайын сыйлыктарына ээ болушту.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%