play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
16-февралды Мамлекеттик материалдык резерв кызматкерлеринин күнү катары белгилөө сунушталды.Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул дата 1938-жылы Орто Азия боюнча Резервдер башкармалыгынын түзүлүшү менен байланыштуу. ӨКМдин маалыматы боюнча, жаңы кесиптик майрам өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздап, пандемия жана кризис учурунда гуманитардык көмөк көрсөткөн кызматкерлердин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган.
27-октябрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин Түндүк айланма жолу тарабындагы айрым аймактарда таза суу убактылуу токтотулат.Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, чектөө Култегин, Дордой, Ибраимов, Курманжан датка, 12-көчө, Набережная жана 8-көчөлөрү менен чектелген аймактарга тиешелүү. Суу берүү «Эне-Сай» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулат.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде белгилүү педагог, илимпоз жана акын Кубатбек Жакыповдун 60 жылдык мааракеси белгиленди.Иш-чарага маараке ээсинин замандаштары, кесиптештери, шакирттери жана студенттер катышты. Педагогика илимдеринин кандидаты Кубатбек Жакыпов эмгек жолунда 32 жыл бою И. Арабаев атындагы университетте ага окутуучулуктан тартып декандыкка чейинки жолду басып өткөн. Анын калеминен 10 го жакын китеп, «Комуз чертүүнү үйрөнөбүз» окуу куралы, ошондой эле элге кеңири таанылган «Боз торгоюм», «Дил кайрык» жана «Студентке» сыяктуу обондуу ырлардын тексттери жарык көргөн.
Автор: Kanat Kadyrjan