play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкек шаарынын мэриясында жаңы кадрдык дайындоолор болду.Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун милдетин убактылуу аткаруу анын орун басары Абдыжапаркул Жанболотовго жүктөлдү. Ал эми аталган департаментке караштуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору болуп Артур Омурзаков дайындалды. Буга чейин бул кызматты аркалап келген Талантбек Капаров башка кызматка — “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.
27-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат.Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, чектөө Малдыбаев, Ахунбаев, Тыныстанов, Абдрахманов, Саманчин көчөлөрү жана 9-кичи район менен чектелген аймакка тиешелүү. Бул чара суу түтүк тармактарындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу ишке ашырылууда.
Валюталардын расмий курсу
26.10.2026
1USD 87,44
1EUR 97,86
1RUB 1,07
1KZT 0,19
1CNY 13,10
Автор: Kanat Kadyrjan